Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунда бир катар мектептерди ачты

Президент Садыр Жапаров кечээ, 12-апрелде Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстан айылындагы №18 «Манас-1000» мектебинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Ошол эле маалда онлайн форматта мамлекет башчысынын катышуусу менен Сузак районунда дагы үч мектептин ачылышы болду.

Алар — 375 орундуу С.Эшматов атындагы №21 мектеп, 275 орундуу Б.Алыкулов атындагы №46 мектеп жана 225 орундуу К.Осмоналиев атындагы №109 мектеп. №18 “Манас 1000” орто мектеби 1995-жылы курулган. 2019-жылы жаңы имараттын курулуш иштери башталган. Жалпы сметалык баасы 81 миллион сомго жакынды түзөт. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Эки кабаттуу имарат 275 окуучуга ылайыкташкан. Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Жалал-Абад облусу боюнча жасалып жаткан аракеттер тууралуу да айта кетти. Ал быйыл ири инвестициялык долбоорлор ишке ашарын билдирди.

“Майлуу-Суу лампа заводу” 1 миллиард сомго, “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому 410 миллион долларга модернизацияланууда. Бул жылы “Түндүк-Түштүк” альтернативдик автожолу да ачылат деп тилек кылып отурабыз. Ошону менен бирге “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушунун 2-этабын баштоо аракети да көрүлүүдө”, — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгүн иретке келтирүү, жол тыгындарын жоюу үчүн 22 гектар жер аянтына заманбап базар куруу пландаштырылып жатканын кошумчалады. Мындан сырткары, жакынкы аралыкта кытайлык инвесторлор менен бирге жеңил жүк ташуучу унааларды чогулта турган завод ачуу көздөлүп жатат.