Жапаров: «Кыргызстан электр энергияны экспорттоочу өлкөгө айланат»

Мамлекетибиздин энергетикалык коопсуздугун бекемдөө боюнча да иштиктүү чаралар көрүлүп жатат. Кыргызстанда эгемендүүлүктү алгандан бери өлкө энергетиктери биринчи жолу өз күчтөрү менен кыска мөөнөттө энергетика жаатында жаңы объектилерди ишке киргизишүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

«Кыргыз энергетикасынын келечектеги флагманы болгон “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушунун башталышы – өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына жасалган чоң кадам. Быйыл чакан ГЭСтерди курууга да өзгөчө көңүл бурулууда. Бул аракеттер энергетиканын кубаттуулугун гана арттырбастан, аны экспорттоого да шарт түзөт. Келечекте Кыргызстан электр энергияны импорттоочу өлкөдөн экспорттоочу өлкөгө айланат.

Кудай буюрса, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин долбоорун ишке ашырсак, бул иш Кыргызстандын көз карандысыздыгына биздин кошо турган чоң салымыбыз жана ири жетишкендигибиз болот!» — деди ал.