Садыр Жапаров Казакстандын «Достык» ордени менен сыйланды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде Казакстандагы расмий сапардын алкагында І даражадагы «Достык» ордени менен сыйланды.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго «Казакстандын жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки жактуу мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» жогорку сыйлык тапшырды. Ал Кыргызстан терең жана тарыхый тамырлары менен байланышкан – боордош өлкө экенин баса көрсөттү. Казакстандын президенти эки элдин бир туугандыгын бекемдөөдөгү Садыр Жапаровдун ролун жогору баалап, Казакстан Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады. Ал эки элдин жаркын келечеги үчүн түбөлүк достук жана бузулбас бир туугандык алака мындан ары дагы бекемделе берерин белгиледи.

Садыр Жапаров өз кезегинде Касым-Жомарт Токаевге жана бүткүл боордош казак элине жогорку баа үчүн ыраазычылык билдирип, І даражадагы «Достык» ордени менен сыйлоо чечимин Кыргызстанга жана кыргыз элине карата өзгөчө сый-урмат катары көрөрүн белгилеп өттү. Кыргызстандын президенти баса белгилегендей, І даражадагы «Достык» ордени эки өлкөнүн ортосундагы саясий ишенимдин жогорку деңгээлин, жөнгө салынган союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү ырастайт.