Садыр Жапаров Казакстанга учуп кетти. Аны коштоп кеткендердин тизмеси

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде расмий сапар менен Казакстан Республикасына учуп кетти.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен 18-19-апрелде боло турган сапардын алкагында мамлекет башчысы Казакстандын президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргыз Республикасынын жана Казакстандын Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешинин Алтынчы жыйынына катышат. Ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын президенттеринин катышуусунда Астананын борбордук көчөлөрүнүн биринде Айкөл Манастын эстелигинин салтанаттуу ачылыш аземи болот.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;
— Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргыз Республикасынын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев;
— Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;
— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов;
— санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева;
— транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;
— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;
— Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары — Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев;
— Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
— Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов;
— Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев;
— Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев.