Садыр Жапаров: «Кемпир-Абаддын суусу кургап кетсе, кайра эле жерге алмашып алабыз»

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров жыйында сөз сүйлөп, ал кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрүүнүн алдында түшүндүрмө берди.

«Камчыбек Ташиевдин баяндамасы түшүнбөгөн кишиге деле түшүнүктүү болду деп ойлойм. Канча жер, кайсы талаш жерлер бизге өткөнүн көрдүңүздөр. Алар жөнүндө кеп кылбай эле коёюн. Менин айтайын дегеним, Кемпир-Абаддын алдында жаткан жерибиз кетип жатат деп ызы-чуу салып жаткан жарандарга айтарым, суу астында жаткан 4127 гектар жер 1965-жылы эле Өзбекстан менен алмашып кеткенине күбө болдуңуздар. Ошого карабастан, ызы-чуу чыгарып, суу сактагыч кургап кетсе, жер Өзгөндө калсын деп кыйкырып жатасыздар. Суу кургабайт, кылымдар бою суу агат. Кыямат кайымга чейин жашоо улана берет. Суу кургаса, адамга жашоо жок. Мейли, суу сактагыч кургап кетти дейли. Ошол замат башка жер берип, алмашып алсак болот. Айланайын деп алмашат, аларга суудан калган таштак жердин кереги жок. Суунун алдындагы жерди алып бергиле дегендерге өзбек туугандардын башы жакшы иштейт, ошондуктан алар 30-40 жыл алдыга кетишти. Биз кыйкырыктан башыбыз чыкпай жүрөбүз. Учак, тик учакты айтпай эле коёлу. 30 жылда ширеңке чыгарган фабрика салбаптырбыз.

Шашпай тургула, туугандар. Суу астындагы жерди алмашып алабыз. Азыр чек араны такташып алалы.

Депутаттар, мамлекеттик деңгээлдеги маселеге жоопкерчиликтүү мамиле кылсаңыздар. Бир-эки депутат «добуш бербейм, өкмөт менин суранычымды аткарбай жатат, суранган адамды кызматка албай жатат» деп жатат. Бул маселеге жеке таарыныч менен мамиле кылган болбойт. Бул маселени кийинкиге жылдырып салбайсыңбы деген депутаттар болду. Андай болбойт. Кийин мындай ийгиликтүү келишимге жете албай калабыз. Кошуна элдин саны көбөйүүдө. Кийин да талаш болот. Бийликке оппозиция боло бергиле, мамлекетке оппозиция болбоңуздар. Биз туура чечим кабыл алып жатабыз. Бул документтер тарыхта калат. Чолок акыл кылбастан, жоопкерчилик менен добуш бериңиздер», — деди ал.