Садыр Жапаров: «Коррупциялык мүнөздөгү бардык иштер бир башкармалыкта каралат»

Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы түзүлдү. Мындан ары коррупциялык мүнөздөгү бардык иштер ушул башкармалыкта каралат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, бул башкармалыкка аброю таза, мурда коррупциялык схемаларга аралашпаган тергөөчүлөр келиши зарыл. «Тергөө башкармалыгына тергөөчүлөрдү тандоо ачык жүргүзүлүп, талапкерлердин коррупцияга азгырылышына каршы туруусун аныктоо үчүн полиграфтан жана психологиялык тесттен өтүшү зарыл. Ички иштер министрлигине, сот тутумуна, ошондой эле мамлекеттик кызматка жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тандоо учурунда кызматкердин коррупцияга азгырылуусуна каршы туруктуулугун аныктоо үчүн психологиялык диагностика сөзсүз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш», — деди ал.