Садыр Жапаров Кытайда автобус чыгарган заводго барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-майда Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Шаньдун провинциясынын Цзинань шаарында «Zhongtong bus Holding Co., LTD» автобус чыгаруучу заводуна барды.

Буга чейин бул заводдон Бишкек шаары үчүн газ кыймылдаткычтуу 120 автобустун партиясы сатып алынган. Алар борбордун жолдорунда сыноодон ийгиликтүү өткөндүктөн, бюджеттик каражаттардын эсебинен бул маркадагы автобустун дагы 1000 кошумча партиясын сатып алуу жана Бишкекке жеткирүү чечими кабыл алынган эле.

Бул жерде Кыргызстан үчүн миңинчи партиядан чыккан биринчи автобустун салтанаттуу чыгарылуусу жана бет ачары болду. Автобустардын бул партиясы этап-этабы менен Бишкекке жеткирилет. 500 автобустун биринчи партиясы этап-этабы менен үстүбүздөгү жылы, кийинкиси — 2024-жылы жеткирилет деп күтүлүүдө. Жалпысынан кыргыз тарап борбордун транспорттук маселелерин чечүүгө багытталган 1000ден ашык заманбап, экологиялык жактан таза автобустарга ээ болот.

Садыр Жапаров жол куруу машиналары жана жабдуулары, өнөр жай машиналарынын көргөзмө аймагын кыдырып чыкты. Мамлекет башчы ошондой эле жаңы автобустардын өндүрүш процесси менен таанышып, ишкананын жетекчилиги жана адистери менен баарлашты.

Садыр Жапаров белгилегендей, автобустардын бул партиясы Бишкектеги транспорт каражаттары менен камсыздоо көйгөйүн чечет. Автобустар мурункулардай эле экологиялык жактан таза транспорт эсептелген газ кыймылдаткычы менен жабдылган.