Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барат

Ушул жылдын май айында Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапары күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта маалымат жыйынында Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров Кытай-Борбор Азия механизминин биринчи саммитине катышат. Ошол эле учурда анын президент болуп дайындалгандан берки Кытайга биринчи мамлекеттик сапары болмокчу.

«Биз бул сапарга чоң маани беребиз. Азыр эки тарап тең иш-чарага кызуу даярдык көрүүдө. Ал чоң ийгиликтер менен аяктап, эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарат деп ишенебиз. Биз Кытай менен Кыргызстандын жалпы тагдырынын коомчулугун курууда жаңы кадам таштайбыз”, — деп жыйынтыктады элчи.