Садыр Жапаров: «Мамлекеттик ипотека менен бардык катмарды камсыз кылганга аракеттерди баштадык»

Элди социалдык батирлер менен камсыз кылууну жөнгө салууга багытталган жаңы жарлыкка кол койгон өлкө башчысы Садыр Жапаров анын максаттарына токтолду.

«Буга чейин батирлерди мамлекеттик кызматкерлерге Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу узак жылдарга берип келген болсок, эми мындан ары бардык жарандарды – мигранттар болобу, базарда иштегендер болобу же башка тармактарда болобу, айтор, бардык катмарды камсыз кылганга аракеттерди баштадык. Биз азыркы убакта кезекте турган мамлекеттик кызматкерлерге 20-25 жылга чейин ипотекалык үйлөрдү берип жатабыз. Эми мындан ары мүмкүнчүлүгү бар жарандарыбыз үлүштүк катыш менен батир ала алгыдай шарттарды түздүк.

Ал кандай шарттар?

Мисалы, батир алууну каалаган жаран батирдин жарым баасын алдын ала төлөп, калган жарым баасын 10-15 жылга чейин ипотекалык шартта төлөө менен ала алышат. Батирдин жарым баасын төлөгөндөн кийин бир, же эң көп дегенде эки жылда өз батирине ээ болуп, кирип жашоого мүмкүнчүлүк алышат. Менин МИКке койгон талабым ушундай!

Эмне үчүн? Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, кечээ жакында алдамчы компаниялар элдин акчасын үлүштүк катыш катары чогултуп алып, же батирден жок, же акчаларын кайтарып бере албай качып жүргөндөрүн көрүп, ушундай чечимге келдим. Мындан ары жарандардын батир алуу маселесин МИК аркылуу мамлекет колго алабыз. “Мамлекеттик кызматкерлерге берген эле шарттар менен баштапкы төлөмү жок эле берсе болбойбу” деген суроолор жаралышы мүмкүн.

Бүгүнкү күндө үйлөрдү массалык түрдө курууга мамлекеттин күчү жетпей жатканын ачык айтышым керек. Ошондуктан азырынча үлүштүк катышка мүмкүнчүлүгү бар жарандарыбызга жогорудагыдай шарттар менен берип туралы. Бир убакта бардык жарандарга: мейли мамкызматкерби, же жөнөкөй жаранбы бирдей шарттар менен 20-25 жылга алдын ала төлөмү жок эле батир берген мезгилге да жетебиз. Сабыр кылып туруңуздар. Келечекте үйгө муктаж болгон жарандарыбызды камсыз кылуу үчүн өлкөнүн бардык аймактарында: 40 район борборунда, 32 кичи шаарда, 7 облус борборунда МИК аркылуу көп кабаттуу үйлөрдү куруу иштери башталат.

Биз айдоо жерлерибизди сакташыбыз кажет. Жер там салып туурасынан эмес, көп кабаттуу турак үйлөрдү куруп, бийиктикке карай өсүшүбүз абзел. Кыргызстан – тоолуу өлкө. Ансыз да түздүк жерлерибиз аз. Дүйнөдө адам саны өсүп, жер тарып баратканы баарыбызга маалым. Тамак-аш коопсуздугубузду жана келечек муунду да ойлойлу», — деп жазды.