Бүгүн, 13-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрү болуп өттү.
«Биздин өлкөлөр байыркы тарых, салт жана маданият менен байланышкан. Биз негизги актуалдуу регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча окшош позициядабыз. Мунун баары өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөө үчүн бекем негиз түзөт. Элдерибиздин биргелешкен аракетинин, саясий эркинин жана тынчтыкка жана ынак коңшулаштыкка умтулуусунун аркасында биз биргеликте конструктивдүү өз ара аракеттенүү үчүн бекем негиз түзүп жатабыз», — деди Садыр Жапаров.
Бул контекстте ал кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын натыйжалуу ишин өзгөчө белгилеп өттү. «Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюу тагдыр чечүүчү тарыхый окуя болоруна, ал биздин өлкөлөрдүн элдери жана кеңири эл аралык коомчулук тарабынан шыктануу менен кабыл алынарына ишенем. Бул кадам биздин мамлекеттердин гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия регионунун коопсуздугун, туруктуулугун жана туруктуу өнүгүүсүн бекемдөөгө олуттуу салым кошот», — деп баса белгиледи өлкө башчы жана кол коюла турган эки тараптуу документтер өз ара ишеним, достук жана ынак коңшулук принциптерине негизделген кыргыз-тажик мамилелеринин өнүгүүсүнө жаңы дем берет деген ишенимин айтты.