Садыр Жапаров: «Мээримдин алтын, Айперинин коло медаль алышы кыргыз элинин кубанычын арттырды»

Мээрим Жуманазарованын алтын, Айпери Медет кызынын коло медаль алышы буга чейинки балбандарыбыздын жеңишине жетине албай турган кыргыз элинин кубанычын, сүйүнүчүн дагы арттырды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазып, балбан кыздарды куттуктады.

«Мээрим биздин сыймыгыбыз! Дүйнө чемпиондугундагы финалдык беттеште эң жогорку чеберчиликти көрсөттүң! Мээрим Жуманазарованын алтын, Айпери Медет кызынын коло медаль алышы буга чейинки балбандарыбыздын жеңишине жетине албай турган кыргыз элинин кубанычын, сүйүнүчүн дагы арттырды. Улуттук кураманын жетишкендиктери жалпы кыргыз элин, өлкөбүздү дүйнө жүзүнө даңазалап, силер кыргыз спортунун тарыхын жаратып жатасыздар. Спортчуларыбызды мыкты даярдыкта килемге алып чыккан машыктыруучу курамга дагы өзгөчө ыраазычылык», — деп жазды ал.