Садыр Жапаров менен ханайым өнөрлүү окуучулар менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров жана анын жубайы Айгүл Жапарова билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен биргеликте 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата министрлик тарабынан уюштурулган “Балалык ыргагында” аттуу салтанатта өлкөнүн таланттуу мектеп окуучулары менен жолугушту.

Жолугушууга окууда, чыгармачылыкта, спортто өзгөчөлөнгөн жана түрдүү предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен балдар катышты. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев баарлашуу алдында окуучуларды президентке тааныштырды.

Баарлашуунун жүрүшүндө окуучулар мамлекет башчысы менен министрге жеке жетишкендиктери тууралуу айтып берип, өздөрүн кызыктырган суроолорду беришти. Анда мектеп окуучуларынын бири информатика боюнча эл аралык олимпиадага катышуучуларды даярдоо үчүн атайын жыйындарды Кыргызстанда да өткөрүү мүмкүнбү деген суроо узатты. Садыр Жапаров министрликке олимпиадага катышуучулар үчүн даярдык көрүү жыйындарын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды. Жолугушуунун соңунда балдарга эстеликке белектер тапшырылды.