Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоев Москвада жолугушуу өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда Москвада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен жолугушту.

Өлкө лидерлери кыргыз-өзбек эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле биргелешкен өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүү боюнча чараларды талкуулашты. Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын боордош элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу өнөктөштүктүн бардык тармактарында достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары ырааттуу өнүгүүсүн арттырууга макулдашышты.