Садыр Жапаров: «Митингге чыккандарды көрүп, жашынчу мен эмесмин»

Президент Садыр Жапаров бул ирет «Кабар» агенттигине берген маегинде Кемпир-Абад ишине байланыштуу камактагы саясатчылардын биринин кайрылуусуна жана өлкөдө митинг жасоо аракети тууралуу айткандардын билдирүүлөрүнө жооп берди.

— Мындан бир нече күн мурун Азимбек Бекназаровдун, ага улай эле кармалгандардын башкаларынын туугандары акцияга чыгып, камактагыларды коё бербесеңер, Орозо айы бүткөндө митингдерге чыгабыз деген билдирүү жасашты. Орозо айы бүтсө өлкө митингдердин кучагында калбайбы?

 Митингдерден коркпойбуз. Жеке кызыкчылыктарын ишке ашырыш үчүн митингге чыккандарды көрүп качып же жашынып олтуруп алчу мен эмесмин. Эгер мен мамлекетти тоноп, жакындарымды майлуу жерге коюп, мамлекетти кризистин сазына батырып атсам корксом болот эле.

Тескерисинче командам менен күнү-түнү дебей кара жаныбызды карч уруп иштеп жатабыз. Кекиртегинен сазга баткан мамлекетти эми араң саздан сууруп чыктык. Бажы, салык системасындагы уурулукту жоюп, бюджетти дээрлик 3 эсеге жакын көтөрдүк. Болбосо азыркыдай өнүгүүнү бул жакка коёлу, 2020-жылы эле чет жактардан кредит алып, эмгек акы менен пенсия, пособияларды жаап калган ахывалга келип калбадык беле. Сырткы карыздан кантип кутулабыз деген курч көйгөйдү эле талкуулап калбадык беле. Же эс тутумубуз ушунча кыскабы? Эгер мурдакыдай уурдап эле жашаган заманыбыз жакшы экен деп митингке чыккандар болсо башынан сылап олтурбайбыз. Жооп катуу болот. Анткени «наше дело правое». Элдин көпчүлүк бөлүгү аларды колдобойт. Бизди колдойт. Көпчүлүккө баш ийиш керек.