Садыр Жапаров: «Мыйзам бузган же пара талап кылган ким болбосун, андайларды биз кечирбейбиз»

“Аскер кызматкери болобу же чиновник болобу, же укук коргоо жана атайын органдардын кызматкерлери болобу биздин коргонуу жөндөмдүүлүгүбүзгө доо кетире турган болсо, эң катаал жазага тартылат”, — деп президент Садыр Жапаров кечээ, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.

«Ата Мекенине кыянаттык кылып, мамлекетке зыян алып келгендерге –  андайлардын кайда, кандай кызматтарды ээлегенине карабастан, сөзүбүз кыска, мамилебиз кескин болот. Билесиздер, күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын өздүк курамынын арасында мындай “погончон кылмышкерлер” менен тынымсыз күрөш жүрүп жатат. Мындайдар аныкталып, жолу торолуп, бөгөт коюлуп, аларга карата кылмыш иши козголуп, камакка алынууда.

Мындай күрөш жеке эле аскер кызматкерлеринин арасында эмес, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, соттордун, прокуратура, улуттук коопсуздук, бажы жана башка органдардын кызматкерлеринин арасында да жүргүзүлүп жатканын баса белгилеп айтып кетейин.

Мыйзам бузган же пара талап кылган ким болбосун – алар улуттук коопсуздугубузга доо кетирип, коргонуу жөндөмдүүлүгүбүзгө сокку урган болуп эсептелет. Андайларды биз кечирбейбиз, алар мамлекеттин каарын жон терилери менен сезиши керек.

Аскер кызматкери болобу, же чиновник болобу, же укук коргоо жана атайын органдардын кызматкерлери болобу биздин коргонуу жөндөмдүүлүгүбүзгө доо кетире турган болсо эң катаал жазага тартылат. Дагы бир жолу кайталайм, андай Ата Мекендин чыккынчыларына эч кандай кечирим болбойт», — деди ал.