Садыр Жапаров: «Ооганстандагы аялдардын билим алууга болгон укуктарынын чектелишине байланыштуу тынчсызданууну тең бөлүшөбүз»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин Экинчи жолугушуусун ачты.

Биз Ооганстандагы аялдардын билим алууга жана иштөөгө болгон укуктарынын чектелишине байланыштуу дүйнөлүк коомчулуктун тынчсыздануусун тең бөлүшөбүз. Ооганстандын азыркы де-факто бийлик органдарынын өкүлдөрү менен эки тараптуу байланыштардын жүрүшүндө жана эл аралык аянтчалардагы иш-чараларга катышуунун алкагында Кыргыз Республикасы афган аялдарынын Ислам дининин жана шариаттын түшүнүктөрүнүн негизинде билим алуу жана ишке орношуу укуктарын белгилейт. Мындан улам, бул маселени чечүүгө ашыкча басым жасабастан, ошол эле маалда Ооганстандын жаңы бийликтери менен ынандыруу жана конструктивдүү диалог аркылуу мамиле кылууну зарыл деп эсептейбиз.

Биз азап тарткан афган элине тынчтыкты, туруктуулукту жана өнүгүүнү чын дилибизден каалайбыз жана алар өздөрүн кароосуз калгандай сезбеши керек деп эсептейбиз. Гуманитардык аспект өзгөчө көңүл бурууну талап кылат, ошондуктан эл аралык коомчулуктун гуманитардык миссиясын улантуу зарылдыгын белгилегим келет”, — деп баса белгиледи президент.