Садыр Жапаров Сауд Арабияга барат

«Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Сауд Араб Падышалыгына пландалган расмий сапары кыргыз-сауд алакаларынын тарыхында жаңы барагын ачат деп терең ишенем». Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев кечээ, 19-октябрда биринчи медиафорумда билдирди. Иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы алаканын орногонуна 30 жыл болгонуна арналып уюштурулду.

Министрдин орун басары кыргыз-сауд өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын үчүнчү жыйынын, тышкы иштер министрликтер аралык саясий кеңешмелердин биринчи отурумун жана Бишкек шаарында экинчи бизнес-форумун биргеликте жогорку деңгээлде өткөрүүнү пландалып жатканын да айтты.