«Садыр Жапаров саясий жек көрүүчүлүктөн, трайбализмден алыс адам болуп чыкты» дейт Акылбек Жапаров

«Садыр Жапаров саясий жек көрүүчүлүктөн, трайбализмден алыс адам болуп чыкты». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кабар» сайтына берген маегинде билдирди.

— Сиз каалаган убакта, каалаган бийлик менен иштөөгө даярсызбы?

— «Мезгилдерди тандабайт, алардын ичинде жашайт жана өлөт» деген сөз бар экенин билесиз. Жигердүү адам, өзгөчө саясатчы жагымдуу учурду күтө албайт, алар эч качан келбеши мүмкүн, адам жакшы президент, жаман президент категориялар менен гана ойлонбойт. Тарыхтын кыймылы, өзгөчө сиз жашаган өлкө үчүн токтобойт. Шартка карабай бир нерсе кылыш керек, иштеш керек. Өлкө үчүн бир нерсе кылууга аракет кылыш керек. Ал эми тарых баарын таразалайт, өз ордуна коёт.

Бирок саясий процесстин экинчи тарабын да эстен чыгарбоо керек.

Баардык нерсе адамдан гана көз каранды эмес. Бул жагынан президентибизге ыраазычылык билдирем. Садыр Нургожоевич ар кандай саясий жек көрүүчүлүктөн, чынын айтканда коомубузга мүнөздүү болгон трайбализмден алыс адам болуп чыкты. Мисалы, фамилиябыз эле окшош болбосо, башка окшоштугубуз жок. Башка регион, баашка партияларда жүргөнүбүзгө карабай, мага ишенип ал үчүн жана өлкө үчүн маанилүү болгон “Кумтөр” маселесин чечүүнү, кийин өкмөттү жетектөөнү президент мага тапшырды.

Бул чыныгы мамлекеттик кадам – адамды эмес, функцияны кароо.