Садыр Жапаров Тажикстанга барды (видео)

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Тажикстанга барды. Бул тууралуу Тажик ЖМКлары жазды.

Маалыматка караганда, аба майдандан Садыр Жапаровду Эмомали Рахмон тосуп алды. Өлкө башчыларына кыргыз-тажик бийчилери салтанат тартуулашты.

13-мартта «Ынтымак Ордодо» Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатып, 31-мартта Худжандга Нооруз майрамын белгилөөгө барарын айткан. 

Тажикстандын президенти сөз сүйлөп жатып, Нооруз майрамын белгилөөгө Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары чакырылганын билдирген.