«Кумтөрдөн» улам Текебаев менен Жапаров кайым айтышууда

Президент Садыр Жапаров «Арыба» сайтына маек берип жатып, депутаттыкка талапкер Өмүрбек Текебаевдин дебатта айткан сөзүнө комментарий берди. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине президенттин маалымат катчысы Садыр Жапаровдун аталган сайтка маек бергенин ырастады.

«Текебаев алжып калган же ич күйдүлүк кылып жатат. “Алжып калган” дегеним өзү көрүп турган эле жолду “мына ушул жол туура” деп эле көгөрүп тура берчү адаты бар. Ошентип көгөрүп жүрүп акыркы он жылда мамлекетти сазга батырды. Маселени чечүүнүн башка жолдору толтура да. «Кумтөр» талаш жок 100 пайыз мамлекетке өттү. Чекит коюлду. Муну тигилер өздөрү да моюндады. Азыр кылмыш иштери жүрүп жатат. Бир топ аткаминерлер камалышты. Тигилер тараптан дагы жоопко тартылчулар бар. Бир аз убакыт керек. Бүтөөрү менен жыйынтык чыгарабыз. Сабыр этип тургула. Ал эми “ич күйдүлүк кылып жатат” дегеним, 2012-жылы Текебаев ич күйдүлүк кылып, андан сырткары Алмазбек Атамбаевдин буйругун аткаруу менен каршы чыккан. Экөө бир команда болчу. Мен көп саясатчыларга жооп бербей эле коёюнчу дейм. Бирок өздөрү келип эле тийишип алат. Анан жооп бергенге туура келет. 2012-жылы мен “Кумтөр мамлекетке өтсүн” деген маселе көтөрүп, Жогорку Кеңеш ызы-чуу түшүп турганда Текебаев фракциясын кабинетине чогултуп алып, “Ата-Журтчулар” ушул маселени «неужели» көтөрүп чыгат? Эмне, биздин арабызда көтөрүп чыкчулар жокпу?» деп зекийт. Ичи күйөт. Бул окуяны ошол мезгилде Текебаевдин партиясынан депутат болгон Бактыбек Калмаматов өз оозу менен ошол замат бизге айтып берген«, — деп айтты президент.

Кечээ, 24-ноябрда дебаттын жүрүшүндө «Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров «Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевге Кумтөр боюнча суроо берген эле. «Ар бир бурчта «Кумтөр» калкка кайтарылды деп кыйкырып жатышат, бирок андай эмес. Ачык айткым келет, биз «Центерранын» бир дагы үлүшүн ала элекпиз, ал үчүн бизде муну тастыктаган документтер болушу керек, ал бизде жок, биз кенди жөн эле басып алдык. Бул унааны айып токтотуучу жайга киргизип коюп, ээси качан келип, канча акчага алып кетет деп күткөн МАИчиге окшош. Мен калп айтсам, анда президенттин маалымат кызматы менин сөзүмдү төгүнгө чыгарсын«, — деген эле Текебаев.