Садыр Жапаров «ТИГР» зооттолгон унаасын айдап, «Байрактар ТБ-2» колдонулган жерди өзү көрүп чыкты

Президент, Куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы «Эдельвейс» окуу борборунда болуп, Чек ара кызматынын «Калкан-2022» атайын тактикалык машыгуусунун активдүү фазасына көз салды.
Машыгууларда Чек ара кызматынын атайын түзүмдөрү жана өлкөнүн укук коргоо органдарынын түзүмдөрү мамлекеттик чек араны кесип өткөн (жырып өтүү) мыйзамсыз куралдуу топторго бөгөт коюу жана аларды жок кылуу боюнча жөндөмдөрүн иш жүзүндө көрсөтүштү. Сунушталган машыгуу сценарийи мамлекеттик чек арадагы реалдуу жагдайга болушунча жакындатылган. Атайын багыттагы бөлүктөр заманбап курал-жарактарды, аскердик жана атайын техникаларды, зооттолгон «ТИГР» унааларын жана Чек ара кызматынын куралдануусундагы сокку уруучу «Байрактар ТБ-2» учкучсуз учактарын колдонушту.
Андан соң мамлекет башчысы курал-жарактарды карап чыгып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жатак бөлмөсү, талаа ооруканасы жана ашканасы, көчмө башкаруу пункттары жана башкалар кирген убактылуу жайгаштыруу борбору менен таанышты. Садыр Жапаров ошондой эле «ТИГР» зооттолгон унаасын айдап, «Байрактар ТБ-2» учкучсуз учактары колдонулган жерди өзү көрүп чыкты. Президент аскерлер менен бирге талаа ашканасында тамактанып, кызмат өтөө шарттары боюнча суроолорду берип, алардын суроолоруна жооп берди.