Садыр Жапаров Түп районунун акимине сөгүш берди

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси — аким Каныбек Адиевге сөгүш берди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Ошондой эле Түп айыл өкмөтүнүн башчысына да сөгүш берүүнү тапшырган. «Буга кышында жолго себилген кумду жана жол жээгиндеги таштандыларды алып чыкпаганы себеп болду. Мындай көрүнүшкө айрыкча турсезондун алдында жол берилбеш керек. Бул жергиликтүү бийликтин бардык жетекчилери үчүн эскертүү. Президент турсезонго даярдыкты шаарларда, район борборлорундагы, өзгөчө борбордук көчөлөрдөгү тазалыктын сакталышын күтүүсүз текшерүүгө алат», — деп айтылат маалыматта.