Садыр Жапаров Владимир Путиндин чакыруусу менен Орусияга барат

Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен 8-майда расмий сапар менен Орусияга барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Алдыдагы сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалууда. Өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат. Ошондой эле Орусиянын башка расмий өкүлдөрү менен жолугушуулар пландаштырылууда. 9-майда Москва шаарында мамлекет башчысы ардактуу конок катары Жеңиш Парадына катышат», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.