Садыр Жапаров: «Ысык-Көл Баткенде болсо, Асманды ошол жакта салдырат элем»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда Ысык-Көл облусундагы «Асман» шаарынын курулушунун башталышына мезгил кутусун салуу аземине катышты.

«Асман шаары – Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырган финансылык хаб болуп калат! Бул шаар бүтүп ишке кирип кетсе, бүгүн “Кумтөр” жалпы мамлекетибиздин экономикасын кандай алдыга жылдырып жаткан болсо, «Тамчы ЭЭА» менен бул шаар дагы, бүткүл өлкөбүздүн экономикалык жактан локомотиви болуп, алдыга сүйрөп кетет.

Айрым биздин кыска ой жүгүрткөн жарандарыбыз “бул шаарды Баткенге салып койбойт белеңер, баарын эле Көлгө сала бересиңерби” деген дооматтарын айтып жатышат. Эгер Ысык-Көл Баткен тарапта болгондо, биринчи кезекте бул шаарды Баткенге салдырат элем.

Инвесторлор дагы өздөрүнө ыңгайлуу курорттук аймактарды тандашат экен. Эң негизгиси, кайсы жерибизге салынбасын, бул шаар ар бир кыргызстандык үчүн пайда бере турган, өлкөбүздүн жалпы экономикасын алдыга жылдыра турган Кыргызстандын локомотив шаары болот. Мисалы, “Кумтөр” Ысык-Көлдө жайгашканы менен бардык пайдасы республикалык бюджетке түшүп, ар бир кыргызстандык үчүн пайдаланылып келе жатат. Дал ошол сыяктуу эле бул шаар дагы жалпы кыргызстандыктар үчүн пайда алып келет. Кудайдын берген бир мезгили келет, мамлекетибиздин түштүк аймагына да дал ушундай шаар курулат», — деди өлкө башчысы.