Президент Садыр Жапаров коомчулукта резонанс жараткан, Бостери айылында 23 жаштагы жарандын өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Укук коргоо органдарына окуянын чоо-жайын ар тараптуу иликтөө тапшырмасы берилген.
«Ысык-Көлдө инимди балдар сабап, иним ур-токмоктон каза болуп калды» деген жаран коомчулукка кайрылуу жасаган. Ал «6-августка караган түнү Бостеридеги «Алтын Кум» эс алуу жайына иним балдар менен эс алууга келген. Ошол түнү аны 7-8 бала пикир келишпестиктен сабап салышкан. Ал өтүп кетти. Ал эми милицияга барсак, тилин жутуп алып каза болду деп жатат. Сураныч ошол күндө тартылган видео болсо, ким көргөн болсо, кайрылып койгулачы» деди.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агеттигине Ысык-Көл ОИИБден маалымат беришип, алгачкы сырткы кароо иштери жүргүзүлгөндө, жигиттин денесинде кандайдыр бир криминалдык тактар байкалбаганын билдиришти.