Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 11-12-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары аяктады. Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 36 кызматкерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров эски жатакана имаратын чек арачылардын 70 үй-бүлөсү үчүн көп батирлүү үй кылып реконструкциялоонун долбоору менен таанышып, имаратты сапаттуу капиталдык оңдоого жана чек арачылардын үй-бүлөлөрүн ыңгайлуу, заманбап батирлер менен камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен каражат кароону тапшырды. Андан соң ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Башкармалыгынын имаратынын реконструкциялоо иштери менен таанышты.

12-сентябрда Садыр Жапаров «Жалал-Абад май иштетүүчү заводу» ЖЧКсында болуп, ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапарын аяктап, мамлекет башчысы Бишкек шаарына келди.