Жекшемби, 26.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

10:23 04.07.2021
0
Садыр Жапаров Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда саламаттыкты сактоо системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы — Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу медицина кызматкерлери! Бардыгыңыздарды кесиптик майрамыңыздар — Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктоого уруксат этиңиздер! Сиздердин кесибиңиздер — талыкпас эмгекти талап кылып, адамды мээримге жана камкордукка бөлөйт. Сиздерге албан ийгиликтерди жаратууну, кажыбас кайратты каалайбыз. Силер ар бир бейтапка жүрөгүңөрдүн бир бөлүкчөсүн берип, күн сайын кимдир бирөөнүн өмүрү, ден соолугу үчүн күрөшүп келесиңер, андыктан силерге да болоттой чың ден соолук каалайм. Ар бириңиздерге күч-кубат жана сабырдуулук, үй-бүлөңүздөргө тынчтык, бакубатчылык тилейм.

COVID-19 илдети апкелген дүйнөлүк кризис — саламаттыкты сактоо жана башка көптөгөн тармактардын кризиси. Азыркы тапта негизги мүдөө башка өлкөлөрдөгүдөй эле, жарандарыбыздын өмүрүн сактоо, илдетти жуктуруп алгандарды дарылоо жана оорунун жайылышына бөгөт коюу. Кыргыз Республикасы коронавирус пандемиясы башталгандан бери бир катар кыйынчылыктарга туш болууда. Бул „өнүгүү тармагындагы кризис“, эгер аны толугу менен тез арада жөнгө салбаса, өлкөнүн өнүгүшүнө узак убакытка чейин терс таасирин тийгизип, өнүгүү тармагындагы акыркы жылдардагы жетишкендиктерди жокко чыгарышы ыктымал. Демек эң алгач алсыз жана калктын аялуу катмарларына көңүл бурулушу керек.

Калк саламаттыгы Кыргыз Республикасында мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат. 2021-жылдын башында „Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү, калктын жашоо-шартын жана саламаттыгын жакшыртуу жөнүндө“ Жарлык кабыл алынып, саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталган. Өткөн жылы жалпы суммасы 448,5 миллион сомду түзгөн 14 объекттин курулушу жана капиталдык оңдоп-түздөө иштери пландаштырылып, анын 81,2 миллион сому республикалык бюджеттен, калган суммасы Региондорду өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө республика боюнча 11 объект бүткөрүлдү. Бишкек шаарындагы 100 орунга ылайыкталган жана Нарын шаарындагы 70 орунга ылайыкталган жугуштуу оорулар ооруканасы бүткөрүлүп ишке берилди.

Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чараларынын алкагында жалпы республика боюнча 109 миң 703 адам эмдөөдөн өттү. Эксперттердин айтуусунда бүгүнкү күндө илдеттен сактануунун натыйжалуу чарасы — ооруга каршы эмдөөдөн өтүү, ошону менен бирге санитардык талаптарды так сактоо. Кооптуу илдетке каршы эң мыкты дарыгерлер, медайымдар жана санитардык кызматкерлерибиз талыкпай эмгектенип жатышат.

Урматтуу медицина кызматкерлери! Эл үчүн кылган ак кызматыңар, чыдамкайлыгыңар, кесиптик милдетиңерди так аткарганыңар, бейтаптарга кылган жылуу мамилеңер жана мээримге толгон жүрөгүңөр үчүн ыраазычылык билдирем! Чын дилимден бекем ден соолук, бакубатчылык жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм!».

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Лунара Жээнбекова

Лунара Жээнбекова

Окшош

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:20 24.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-апрелде Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-орус...

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:35 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы климаттын...

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:52 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди. “EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент...

Кыргыз-Түрк “Манас” университети боюнча депутат Жумабеков дипломаттык түрдө чечүүнү талап кылды

Кыргыз-Түрк “Манас” университети боюнча депутат Жумабеков дипломаттык түрдө чечүүнү талап кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:08 22.04.2026
0

Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында социалдык-экономикалык багыттагы актуалдуу маселелер козголду. Депутат Дастанбек Жумабеков Кыргыз-Түрк «Манас» университетине байланыштуу жагдайды көтөрүп, окуу...

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев ант берди

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев ант берди

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:03 22.04.2026
0

Бүгүн, 22-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Жеенчороевдин ант берүү аземи болуп өттү. Белгилей кетсек, ал...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Ысык-Көлдүн акваториясына кум жана топурак төгүлүүсү: Министрлик курулуш компанияларына текшерүү иштерин баштады

Ысык-Көлдүн акваториясына кум жана топурак төгүлүүсү: Министрлик курулуш компанияларына текшерүү иштерин баштады

2
Ысык-Көлдүн акваториясына кум жана топурак төгүлүүсү: Министрлик курулуш компанияларына текшерүү иштерин баштады

Ысык-Көлдүн акваториясына кум жана топурак төгүлүүсү: Министрлик курулуш компанияларына текшерүү иштерин баштады

11:30 25.04.2026
Ак-Босогодо 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган шектүү кармалып, камакка алынды

Ак-Босогодо 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган шектүү кармалып, камакка алынды

11:24 25.04.2026
Бишкекте өспүрүмдү сабоого шектелип эки өспүрүм кармалды

Бишкекте өспүрүмдү сабоого шектелип эки өспүрүм кармалды

11:20 25.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү