Садыр Жапаровдун Венгрияга расмий сапарынын жыйынтыгы (видео)

Президент Садыр Жапаровдун 12-14-февралда Венгрияга болгон расмий сапары аяктады.

Ал Венгриянын президенти Каталин Новактын расмий жолугушуу аземинен башталып, пресса үчүн билдирүүлөрдө сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын чыгарып жатып, президенттер жетишилген макулдашуулар стратегиялык өнөктөштүктү бекемдейт жана кеңейтет деген ишенимин билдиришти.

Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен да жолугушту. Эки тарап тең өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Президент Садыр Жапаров расмий сапарын аяктап, Бишкекке кайтып келди.