Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өзүнө басма сөз катчы кылып Галина Байтеректи дайындады. Галина Байтерек буга чейин КТРКда көп жылдар бою алпаруучу болуп иштеген. Ошондой эле коомдук-саясий, экономикалык берүүлөрдү чагылдырган. 2019-жылы аталган телеканалдын жетектөөгө талапкер да болгон.
Садыр Жапаров кеңешчи жана жардамчыларын эмне себептен иштен бошоткон?
Президенттин маалымат кызматынын башчысынын айтымында, өлкө башчысынын жардамчыларынын бири Айдар Халиков кызматтык күбөлүгүн өзүнүн жеке кызыкчылыктарына пайдаланган. "Өзбекстандан контрабанда менен...