Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов кызматынан бошотулду

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары – Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы Улук-Бек Бектурганов ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

16-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан бошотууну суранышкан. Министрдин орун басарлары Жапаркул ТашиевЖалалидин РахматуллаевУлук-Бек Бектурганов жана министрликтин алдындагы башкармалыктын жетекчилери маалымат жыйын өткөрүп, президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жасашкан.