Саламаттыкты сактоо министринин жаңы орун басарлары дайындалды

Бүгүн, 4-июнда Саламаттыкты сактоо министринин үч орун басары ээлеген кызматынан бошотулду. Алардын ордуна Улан Садыков, Бүбүжан Арыкова, Жаркынбек Касымбеков орун басарлык кызматка дайындалышты.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Ал эми министрдин милдетин убактылуу аткаруу Жаркынбек Касымбековго жүктөлдү.