Саламаттыкты сактоо министри орун басарлары тууралуу: «Мен аларды кызматтан алайын деп жүргөм»

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Германиядан келгенден кийин орун басарларынын ээлеген кызматына ылайыктуулугу боюнча маселени карай турганын билдирди.

«Азыр менин бардык божомолдорум, байкоолорум тастыкталды, анткени жүргүзүлүп жаткан реформаларга саботаж кылып, бут тоскон орун басарларым болду. Андан сырткары, Жети-Өгүздөгү акча менен спектаклдин артында ким турганы азыр ачыкка чыкты», — деди ал. 

«Акыркы учурга чейин орун басарлар иштеп, реформага жигердүү катышат, алдыда кандай жооптуу иш турганын түшүнөт деп үмүттөндүм. Пандемия учурунда коррупция жазасыз калганы алардын мындан ары да өз кызыкчылыгы үчүн гана иштей аларына ишеним жаратып койду окшойт. 

Бүгүнкү арыздангандардын баары Саламаттыкты сактоо министрлигинде 10-20 жылдан ашык иштегендиктен, медицина тармагынын кыйрашына алардын тиешеси бар деп ишенимдүү айта алам. Демек, алардын Саламаттык сактоо министрлигинен бошотулушу бүтүндөй саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери үчүн да, жарандар үчүн да жеңилдик болот. Эми таза абийир менен 2020-жылдагы пандемия маалында акча жана гуманитардык жардамдын уурдалышын иликтеп, бардык маалыматтарды коомчулукка жеткирүүгө болот», — деди министр Бейшеналиев.