Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан бошотууну суранып жатышат

Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан бошотууну суранып жатышат. Бүгүн, 16-майда министрдин орун басарлары Жапаркул Ташиев, Жалалидин Рахматуллаев, Улук-Бек Бектурганов жана министрликтин алдындагы башкармалыктын жетекчилери маалымат жыйынга өткөрүштү.

Министрдин үч орун басары президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жасашты. «Министрликте эмнелер гана болуп жатканынан кабардарсыңар. Аппарат чыдап келди. Мамлекеттик кызматкер ал жасаганды жасабашы керек. Нааразылар өтө көп. Биз министрдин жүрүм-турумуна тынчсызданып жатабыз. Ага жооп кылганды коркутат, үйгө жетпей каласыңар дейт», — дешет министрдин орун басарлары.

Алымкадыр Бейшеналиев учурда иш сапарда жүргөнүн айткан.