Самаркандда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна кол коюлду

Кечээ, 14-сентябрда Самаркандда Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин аянтчасында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Өзбекстандын Транспорт министрлиги, Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда “Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай” темир жолунун курулуш долбоору боюнча кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлду.

Документте Кыргыз Республикасынын аймагындагы тилкеде “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” каттамынын бириктирилген варианты боюнча “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин ийгиликтүү бүтүрүүгө биргелешип көмөк көрсөтүү каралган. Техникалык-экономикалык негиздеме боюнча бардык иштерди аяктоо мөөнөтү (баалоо жүргүзүү убактысын кошкондо) — 2023-жылдын 1-июнунан кеч эмес. Тараптар техникалык-экономикалык негиздеменин каржылоосун үч тараптуу келишим түзүү жолу менен ТЭНге кеткен чыгымдарды Тараптардын ортосунда бирдей үлүштө бөлүштүрүүнү ниеттенишет.

Жаңы темир жол коридору Евразиянын континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жол ачат.