Шайлоо өнөктүгүнө катышкан бир катар маданият жана спорт тармагынын кызматкерлери кызматтан бошотулду. Тизме

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун иш-аракеттерине катышкан бир катар маданият кызматкерлери кызматтан бошотулуп, дисциплинардык чара көрүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Шайлоо өнөктүгүнө катышкандагы аныкталып кызматтан кеткен жана чара көрүлгөн кызматкерлерин тизмеси:

Маданият:

1. С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы иштен бошотулду;

2. “Манас” театрынын директору өз арызы менен иштен бошотулду;

3. Алай районунун маданият үйүнүн директору өз арызы менен иштен бошотулду;

4. А.Сүйүнбаев атындагы Куршаб балдар музыкалык мектебинин мугалимине сөгүш берилди;

5. Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплексинин директорунун орун басарына сөгүш берилди;

Спорт:

6. Токмок шаарындагы бокс боюнча машыктыруучу өз арызы менен бошотулду.

«Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга, кызмат ордунун же кызмат абалынын артыкчылыктарын кайсы бир талапкердин же саясий партиянын пайдасына колдонууга тыюу салуу тууралуу буйрук чыккан. Бул буйрукту бузган учурда тартип жазасына же болбосо ээлеген кызматынан бошотулаары так белгиленген», — деп айтылат маалыматта.