Шайлообек Атазов: «Бизди 3 прокурор суракка чакырып кетти. Мыйзам бузулдубу?»

Бүгүн, 1-декабрда депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жыйынында кечээ Башкы прокуратурага сурак бергени, мыйзам бузуу болгонун айтты.

«Бизге элден арыздар түшүп, анда прокуратуранын ишине нааразы болгону жазылган. Биз кечээ ошол арыздарды «Башкы прокуратура карап койсун» деп айттык. Бизди келип иш бөлмөдөн 3 прокурор суракка чакырып кетип жатат. Биз ага арданбайбыз. Конституция бузулуп жатат.

Кечээ мен «Дордойдогу» 120 миң доллар алган ишкердин контейнерден алып кеткенин айттым эле. Ал 3 жолу соттолгон шылуун экен. Ошол эле күнү прокуратура таап келе турган болушту. Эми ушуну депутаттар айтканда эле иштеш керек беле? Ошону өздөрү аткара берсе болбойбу? Башкы прокурорго кайрылат элем, депутатты 3 прокурор суракка чакырып кетсе, мыйзам бузулдубу?» — деди Атазов.