Шакиев суу көйгөйү боюнча: «Парламентте карасак эле мөңгү эрип, суу көбөйүп кетпейт»

«Парламентте карасак эле мөңгү эрип, суу көбөйүп кетпейт». Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев билдирди.

«Быйыл күн суук болуп, мөңгү жана кар эрибей, жылдагыдан суунун келиши аз болуп жатканын баарыңыздар билесиздер. Маалыматыбыз бар. Биз бул жерде караганыбыз менен суу көбөйүп, мөңгү эрип кетпейт. Муну дагы эске алып коёлу. Жөн эле убакыт кетире бербей… Көйгөйдү айтып жатабыз, ооба, көзөмөл функциябыз бар. Комитеттерде карайлы», — деди төрага.

Ал суу көйгөйү тууралуу маселе көтөргөн депутаттарга кайрылып, «чарбалык иштерди кароого өтүп кетишсе, мыйзам долбоорлору кабыл алынбай каларын» айтты.

Буга чейин депутат Дастан Бекешев «эл суу көйгөйү боюнча көчөгө чыгат» деген болчу.