Шакиев Түркияда 2016-жылдагы мамлекеттик тѳңкѳрүш аракети боюнча маалымат алды

Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Мустафа Шентоптун коштоосунда Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле 2016-жылдын 15-июлундагы мамлекеттик тѳңкѳрүш аракети боюнча маалымат алышты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Муну менен катар төрага Нурланбек Шакиев Мустафа Шентоп менен бирге ошол окуяга арналып тургузулган эстеликке гүл коюп, курмандыктарды эскеришти.