Шентоп Шакиевге боз үйлөр үчүн ыраазычылык билдирди

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту.

Шакиев Түркияда катталган зилзалага байланыштуу көңүл айтып, көп адамдын өлүмүнө алып келген табигый кырсык тууралуу кабарды кыргыз эли терең кайгыруу менен кабыл алганын кошумчалады. Андан тышкары Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда калыптанган алакаларга жогору баасын берген Жогорку Кеңештин төрагасы анын ичинен билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарындагы байланыштар жигердүү өнүгүп жатканын эске салды.

Шентоп каргашалуу табигый кырсыктан кийин биринчи кол сунган мамлекеттердин катарында Кыргызстан турганын белгилеп, көрсөтүлгөн колдоолор, жөнөтүлгөн боз үйлөр үчүн ыраазычылык билдирди.