«Сөөк коюуда мал союуга чектөө киргизгенимди билесиздер». Өлкө башчысы ысырап кылбоого чакырды

«Сөөк коюуда мал союуга чектөө киргизгенимди билесиздер». Өлкө башчысы ысырап кылбоого чакырды. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде социалдык тармактын кызматкерлеринин Республикалык жыйынына катышып жатып билдирди.

«Ооба, азыр абал оор. Бардык жерде кымбатчылык. Баалар өстү. Жумуш жок. Эң зарыл деген нерселерге акча табуу кыйындап баратат.

Дүйнөдөгү акыркы окуялардан улам, кырдаал мындан да начарлап кетиши мүмкүн. Биз буга даяр болушубуз керек.
Баарыңыздардан чыгымдарды кайра карап чыгып, кымбат буюмдарды сатып алууну кийинкиге жылдыра туруп, той-топурду азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырам. Мен өз жарлыгым менен сөөк коюу каадасында мал союуга чектөө киргизгенимди билесиздер. Бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлдеги да, ар бир үй-бүлөнүн деңгээлинде дагы эң негизги маселе – бул азык-түлүк коопсуздугу», — деди өлкө башчысы.