«Спорттук пайдубалы дал Кыргызстанда түптөлгөн». Садыр Жапаров Дмитрий Биволдун жеңишин куттуктады

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда туулган Дмитрий Биволдун жеңишин куттуктады.

«Мекендешибиз Дмитрий Бивол учурдун эң күчтүү мушкери Сауль Альварести оор кармашта жеңип, орто оор салмакта WBA чемпиондук наамын коргоду. Биз Дмитрийдин бул жеңишине чексиз сыймыктанабыз, анткени спорттук пайдубалы дал Кыргызстанда түптөлгөн. Жердешибизге дүйнөлүк спорттук аренада жаңы жеңиштерди каалайбыз!» — деп жазылат президенттин билдирүүсүндө.

Орусиялык боксчу, WBA версиясы боюнча профессионалдуу бокс боюнча 79 килограммга чейинки салмак ченинде Дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол дүйнөнүн эң күчтүү боксчуларынын бири, төрт салмак категориясында Дүйнө чемпиону болгон мексикалык Сауль «Канело» Альварести жеңип алды.