«Сыйга тең болуңуз», «Бизди эч ким байлабайт», «Бизге асылбаңыз». Мадумаров менен Шакиевдин кайым айтышуусу

Бүгүн, 18-аппрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Адахан Мадумаров менен Нурланбек Шакиевдин ортосунда кайым айтышуу орун алды.

Мадумаров Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги ишке ашыра турган “Баткен облусунда экономикалык аймакты өнүктүрүүнүн экинчи долбоору” боюнча Каржылоо келишиминин долбооруна каршы чыкты.

«Мен азыр айтып-айтып калам. Депутаттар колуңарды көтөрүп колдоп бересиңер. Соңку кезде мен комитетке катышкым да келбей калды. Таза суу менен камсыз кылууну Айыл чарба департаментине, мектептерди курууну курулуш министрлигине, жолдорду курууну транспорт минитстрлигине берсеңер, бир жериңер кемип калабы? Мен өзүмдүн пикиримди айтам, андан кийин эмне кылсаңар, ошону кылгыла. Бул жакшылыкка алып келбейт. Баткен десек эле эл бизди туура түшүнөт деп, бирок Баткенди ортого салып, соодагерлик кылып жатасыңар», — деди Мадумаров. 

«Жалпыбызды өзүңүз каалагандай эле айтып, ички күйүтүңүздү чыгара турган болуп алдыңыз. «Кол көтөрүп бересиңер, кабинеттерге кирип чыкты. Байлап алдыңар» деп. Эми кыргызда жакшы сөз бар. Сыйга сый, сыр аякка бал деген. Биз сизди сыйлап, ушунча келип жатабыз. Сиз сыйга тең болуңуз да. Ким биздин колубузду кайрыйт, ким бизди байлап алат? Бизди эч ким байлабайт. Биз ага жол бербейбиз. Ар бир депутаттын өз ою бар. Сиз өзүңүз үчүн жооп бериңиз. Адахан Мадумаров, сиз өзүңүздүн добушуңузга, пикириңизге жооп бериңиз. Бул ар бир депутаттын өз иши», — деди Шакиев.

Мадумаров: «Сен эмне пикиримди айтканга тыюу саласыңбы?»

Шакиев: «Сиз пикириңизди айтыңыз, бизди кошпоңуз. Бизге асылбай эле коюңуз».

Мадумаров: «Сөз ээсин табат. Мен Шакиев деп айткан жокмун. Мен Асанов же Үсөнов деп айткан жокмун. Мен депутаттар азыр колдоп бересиңер деп айттым».

Шакиев: «Бул жерде Шакиевден башка да депутаттар отурат. Сиз депутаттарды айтып жатасыз».

Мадумаров: «Мен бирөөңдүн атыңды айткан жокмун».