Таалайбек Ибраевге энергетика министринин милдеттери убактылуу жүктөлдү

Энергетика министринин орун басары Ибраев Таалайбек Омукеевичке Кыргыз Республикасынын энергетика  министринин милдеттерин аткаруу жүктөлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.