Таалайбек Орозов Бишкек шаарынын вице-мэри кызматынан бошотулду

Таалайбек Орозов Бишкек шаарынын вице-мэри кызматынан бошотулду.

Борбор калаанын мэриясынан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду. Орозов 2021-жылдын 23-сентябрынан бери санариптештирүү жана транспорт боюнча вице-мэр болуп иштеп келген.