«Суу бөлүштүрүүчү тилкедеги чатак кыргыз тараптын Тажикстан менен мурда жетишилген келишимдерди бузуусунун натыйжасында келип чыкты, коңшу өлкөдө «Головной» суу бөлүштүрүүчү пунктун мыйзамсыз басып алуу аракети көрүлүп жатат», — деп айтылат Тажикстандын УКМКсы тараткан маалыматта.
Андан тышкары, тажик тарап 29-апрелде саат 13:05те «Головной» суу бөлүштүрүүчү пунктунун тилкесинде Кыргызстан аскерлери Тажикстандын Чек ара кызматынын жоокерлерине карата ок ачканын маалымдаган.
«1924-1927-жылдардагы жана 1989-жылдагы карталарга караганда, бул объект толугу менен Тажикстанга таандык жана 1968-жылдан бери Тажикстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек арага жакын райондорунда сугат жана суу менен камсыздоо иштеринде колдонулуп келе жатат», — дешет тажик бийлиги.
Чек арадагы кезектеги жаңжал кечээ, 28-апрелде тажик тарап электр мамычасына видеокөзөмөл камерасын орнотуп баштагандан чыккан. Кыргыз тарап камераларды алууну талап кылган. Кайым айтышуудан кийин алар таш ыргытыша башташкан. Кийин тажик тарап кыргызстандыктарга карата ок колдонгон. Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда чек арадагы жаңжалдан жабыркагандардын жалпы саны 8 адамга жетти. Алардын бири жараты жеңил болгондуктан, ооруканадан чыгарылды.







