Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында трибунага чыгып, сөзү бар экенин айтты.

«Баарыңарга белгилүү болгондой, 7-чакырылыш эл тарабынан шайланып, парламенттен орун алып, милдеттерин так аткарып келе жатат. 1 жылга жакын убакыт өттү. Мени төрага кылып шайладыңар. Мен болгон күч-аракетимди парламенттин кадыр-баркын көтөрүүгө, конституциялык укуктарды ишке ашырууга жумшадым. Көптөгөн жакшы чечимдер кабыл алынды. 6-чакырылышта өзүбүз баштаган «Кумтөр» маселеси. Бул боюнча акыркы убакта депутаттык комиссия түзүлүп, убактылуу тышкы башкаруу киргизилди. Бул чакырылыш ошол ишти улантты.

Бүгүн бир ачуу маселе турат. Мен жеке чечим кабыл алдым. Ага парламенттеги окуя себеп болду. Айрым депутаттар Баткенге барышты. Маселе парламенттен чыгып кетти. Мен ошол кезде чечим кабыл алып, өзүм заматта арыз жазып, Баткенге кетейин дегем. Силердин суранычыңар менен убактылуу милдетти орун басарыма өткөрдүм. Мен өз ыктыярым менен төрагалыктан кеттим. Мени кесиптеш катары туура түшүнөсүңөр деп ойлойм. Мен кызматты тапшырдым. Төрагалык орун бош», — деди ал.

Айрым депутаттар жаңы төраганы бүгүн шайлоо керектигин айтышты.