Талант Мамытов казак спикерине чек арадагы өткөрмө жайларды ачууну сунуш кылды

Бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен Алматы шаарында жолугушту. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгонун эске салган Талант Мамытов: “Буга байланыштуу быйыл бир катар эки тараптуу жана жогорку деңгээлдеги иш-чаралар мерчемделген. Алсак, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев май айында Кыргызстанга расмий иш сапар менен келээри күтүлүүдө. Бул иш сапар эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгын жигердүү өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишеничтебиз”, – деди.

Ошондой эле эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2021-жылы 1 миллиард долларга жеткенин канааттануу менен белгилеп: “Бул биз үчүн чек эмес, 2 миллиард долларга чейин жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Андыктан алакаларыбызды арттырып, товар алмашуу жаатындагы кызматташтыкты дагы да кеңейтүүбүз кажет. Бул үчүн чек аралардагы өткөрмө жайларын ачып, тоскоолдуктарды жоюу менен жүктөрдүн жана жарандардын эркин каттамын камсыздоо зарыл. Чек аралар боордош жана өнөктөш өлкөлөр үчүн ачык болуусу өтө маанилүү”, – деди.