Талант Мамытов: «Парламентке эки ящик автомат алып киришерин билген эмесмин»

Депутат Талант Мамытов журналисттерге эмне үчүн Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткенин айтты.

«Бул менин жеке чечимим болду. Парламентке 2 ящик курал алып киришти. Бул албетте, оор мезгил болчу. Менде көп суроо жаралды. Учурда ал суроолорго толук жооп ала элекмин. Бирок парламент башчысы катары мен жооп берем. Өзүмдүн суроолорума жооп ала албаган соң, ушундай чечимге келдим», — деди ал.

Ал ошондой эле парламентке алып кирилген 2 ящик автомат тууралуу үн катты. «Мага спикер катары жөн гана чек арадагы окуя боюнча жашыруун маалыматтар айтылат дешкен. Парламентке эки ящик автомат алып киришерин билген эмесмин. Мен түшүнбөй калдым», — деди ал.