Ташиев Мадумаровго: «Колуңузду түшүрүп сүйлөңүз. Колуңузга дагы бир нерсе деп айтып коём» (видео)

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров каралып жаткан маселе мыйзамсыз экенин миң жолу кыйкырарын айтты. Кемпир-Абаддын шарапаты менен жаңы регламентке кол коюлганын да билдирди.

Анын айтымында, бул колу-бутту бурап, тийиштүү чечимди кабыл алдыруу деп эсептелинет. Мадумаров ошондой эле Ташиевге кайрылып, ар бир жаран пикирин эркин билдирүүгө укугу бар экенин айтып, пикирин билдиргендердин кайда жатканын билдирди. «Ар бир жарандын укугу бар», — деди ал.

Ташиев регламентке Кемпир-Абаддын тиешеси жок экенин айтып, кычы сөздөрдү токтотууну суранды. «Башка бийлик келсе, жооп бересиңер деп коркутасыз. Туугандар биз жоопкерчилик алып жатабыз. Башка бийлик келсе деп дайыма коркутасыз. Келсе, көрөбүз. Биз мамлекеттин кызыкчылыгы менен кетип жатабыз. Сиз да көп жылдан бери мамлекетке деп айтып, көрүп, билип кабыл алып келе жаткан адамсыз. Колуңуз менен иш кылбасаңыз дагы, тилиңиз, акылыңыз менен иш кылып келе жатасыз», — деди.

Ал арада Мадумаров бир нерсе айтуу үчүн колун көтөрдү. «Колуңузду түшүрүп сүйлөңүз. Колуңузга дагы бир нерсе деп айтып коём. Сураныч, колуңузду түшүрүп сүйлөңүз. Баарына жооп берейин. Эркин билдиргендер каякта отурат деп мага айтып жатасыз. Эркин билдиргендер эмес, провакаторлор, мамлекетке дагы ызы-чууга салабыз, бийликти алабыз дегендерди тамырынан кыркып жатабыз, мындан ары да кыркабыз», — деди Ташиев.