Ташиев: «Мен артист эмесмин, мага пиардын кереги жок»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттин суроосуна жооп берип жатып, мындан бир нече күн мурун жазылган билдирүү пиар үчүн эмес экенин айтты.

«Элдин оозун тыя албайсың» деген төрага ага пиар кереги жок экенин айтты. «Мен артист эмесмин, мага пиардын кереги жок. Же куудул эмесмин. Шайлоого барайын деген оюм жок. Ушул кызматтын майын чыгарсам, өмүрүмдөгү чоң максатка жетем деген ойдомун», — деди ал.